Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 23-январы № 33-т
Мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, Манас шаарынын социалдык жана турак жай инфраструктурасын өнүктүрүү максатында, Манас шаардык кеңешинин 2025-жылдын 20-ноябрындагы № 5, 2025-жылдын 20-ноябрындагы № 6, 2025-жылдын 8-декабрындагы № 2, 2025-жылдын 8-декабрындагы № 13 токтомдорун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 405 "Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибине, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине төмөнкүдөй жер тилкелерин жана турак эмес жайларды өткөрүп берсин:
1) Жалал-Абад облусу, Манас шаары, Эркиндик көчөсү, 11 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 7218,5 кв.м административдик имарат жер тилкеси менен (идентификациялык номери 3-10-05-0015-1222);
2) Жалал-Абад облусу, Манас шаары, Ашуров кыска көчөсү, 1/1 дарегинде жайгашкан аянты 2077,80 кв.м жер тилкеси (идентификациялык номери 3-10-01-0017-1669);
3) Жалал-Абад облусу, Манас шаары, Панфилов көчөсү, 34в дарегинде жайгашкан жалпы пайдалуу аянты 352,6 кв.м турак эмес жайдын 2-кабаты жана жалпы пайдалуу аянты 147,7 кв.м жер төлө жайынын жарымы (идентификациялык номери 3-10-02-0006-2155-02);
4) Жалал-Абад облусу, Манас шаары, Курманбек көчөсү, 8/2 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 800 кв.м болгон турак эмес жай (идентификациялык номери 3-10-01-0017-1896-02).
2. Манас шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин жана турак эмес жайларды тиешелүү жер тилкелери менен муниципалдык менчикке кабыл алуу жана аларды мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүү;
2) жер тилкелерин жана турак эмес жайларды так максаттуу багыты боюнча пайдаланууну камсыз кылуу;
3) мүлктү кыйыр же иш жүзүндө ээликтен ажыратууга багытталган кандай болбосун аракеттерди жасабоо, анын ичинде Манас шаарынын мэриясы тарабынан контролдун жоголуусуна алып келүүчү келишимдерди түзбөө.
3. Муниципалдык менчикке өткөрүп берилүүчү мамлекеттик мүлктү мамлекеттик каттоо менен байланышкан бардык чыгымдар, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн мүлктү кайра каттоого байланыштуу башка чыгымдар Манас шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 126-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында турак жай куруу үчүн бөлүнгөн жер участокторунун тизмегинде:
- 33-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |