Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 9-июну № 422-т
Спортту андан ары өнүктүрүү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 405 «Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибине,«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Кочкор райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби» мекемесинин балансынан мамлекеттик менчикте турган, Нарын облусу, Кочкор району, Кочкор айылы, Сапар Алиев көчөсү, 3 дареги боюнча жайгашкан, идентификациялык коду 4-04-03-1001-2290, аянты 1400 кв. м жанаша жер тилкеси менен жалпы аянты 779,67 кв. м болгон Н. Абдыкалыков атындагы спорт залын спортту андан ары өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктү муниципалдык менчикке кабыл алуу;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоо органдарында бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлккө менчик укугун каттоо;
3) бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктү андан ары ээликтен ажыратпоо жана аны максаттуу багыты боюнча пайдалануу.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |