Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 15-июлу № 531-т
«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 405 «Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте Бишкек шаары, Кашка-Баш айылы, № 84 контур дарегинде жайгашкан идентификациялык коду 1-01-23-0012-0462, жалпы аянты 4,30 га жер тилкесин мектеп куруу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алуу;
2) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүү;
3) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин андан ары ээликтен ажыратууну жүргүзбөө;
4) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдалануу;
5) ушул тескемеден келип чыгуучу башка зарыл болгон чараларды көрүү.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин кайра каттоону жүргүзсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |