Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 7-июлу № 508-т
Мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, Каракол шаарынын социалдык жана турак жай инфраструктурасын өнүктүрүү максатында, Каракол шаардык кеңешинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 29-20/7 токтомун көңүлгө алуу менен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 405 «Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибинин 5-пунктуна, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Ч. Валиханов көчөсү, № 79 дареги боюнча жайгашкан, идентификациялык коду 2-01-01-0155-0039, аянты 15361,2 м2 болгон жер тилкесин, андагы курулуштары жана курулмалары менен кошо Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Каракол шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн өткөрүп берилүүчү жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алуу жана сакталышын камсыз кылуу;
2) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн өткөрүп берилүүчү жер тилкесин мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү;
3) жогоруда аталган жер тилкесин максаттуу багыты боюнча гана пайдаланууну камсыз кылуу;
4) жогоруда аталган жер тилкесин кыйыр же иш жүзүндө ээликтен ажыратууга багытталган эч кандай аракеттерди жасабоо, анын ичинде Каракол шаарынын мэриясы тарабынан контролду жоготууга алып келүүчү келишимдерди түзбөө;
5) жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жогоруда аталган өткөрүп берилүүчү жер тилкесин күтүүнү жана андан ары тейлөөнү камсыз кылуу.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |