Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2026-жылдын 6-октябрындагы № 647 тескемеси менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.К. Аманова тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.К. Аманова тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун (мындан ары – конституциялык Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Конституциялык Мыйзамдын долбоору менен «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) бүткүл тексти боюнча «Акыйкатчы» деген сөздөн кийин «(Омбудсмен)» деген сөз менен толуктоо сунушталууда.
Ушуга байланыштуу конституциялык Мыйзамдын 1-беренесинде конституциялык Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча «Акыйкатчы» деген сөз Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) (мындан ары – Акыйкатчы) деген түшүнүктү берет деп аныкталгандыгын белгилейбиз.
Ошондой эле терминдерди жана аталыштарды кыскартууга карата ушундай эле ыкманы пайдалануу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында кеңири жайылтылгандыгын жана эреже катары аларды чечмелөөдө чаржайыт маани бербей тургандыгын белгилөө зарыл.
2. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 6-пунктунун «б» пунктчасы менен конституциялык Мыйзамдын 5-беренесинин 1-бөлүгүн жаңы редакцияда баяндоо сунушталууда, ага ылайык Акыйкатчы болуп башка мамлекеттин жарандыгы жок, мамлекеттик тилди билүү деңгээли ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген тиешелүү сертификат менен күбөлөндүрүлгөн, 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан улуу эмес, жогорку билими бар Кыргыз Республикасынын жараны, ал эми анын орун басары болуп – башка мамлекеттин жарандыгы жок, 30 жаштан кем эмес жана 65 жаштан улуу эмес, жогорку билими бар Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат. Мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча талаптар Акыйкатчынын орун басарларына да жайылтылат.
Алсак «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 32-беренесинин 1-бөлүгүндө мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү адамдардын тизмеси белгиленген, ага Акыйкатчы жана анын орун басарлары киргизилген эмес. Ошол эле учурда аталган берененин 3-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен Кыргыз Республикасынын башка жарандарына карата ушундай эле талаптар белгилениши мүмкүн деп каралган.
Ушуга байланыштуу Акыйкатчыга жана анын орун басарларына карата мамлекеттик тилди билүү талабын конституциялык Мыйзам менен белгилөө жалпысынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдарынын жоболоруна шайкеш келет.
Ошол эле учурда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 33-беренесине ылайык мамлекеттик тилди билүү деңгээлине карата талаптар тиешелүү иш чөйрөлөрүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик актылары менен белгиленет, ал эми мамлекеттик тилди билүү деңгээли тиешелүү сертификат менен ырасталат.
Мында Акыйкатчы жана анын орун басарлары шайкеш келүүгө тийиш болгон мамлекеттик тилди билүүнүн конкреттүү деңгээли конституциялык Мыйзамдын долбоорунда аныкталган эмес.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен сунушталып жаткан редакцияны Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен кошумча карап чыгуу зарыл.
Акыйкатчы кызмат ордуна талапкерлерге карата курактык талаптарга сунушталып жаткан өзгөртүүгө байланыштуу конституциялык Мыйзамдын долбооруна карата негиздеме-маалымкатта курактык чектөөлөрдү жогорулатуу сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн бири катары көрсөтүлгөндүгүн белгилөө зарыл, бирок дал ушул сунушталып жаткан курактык чектөөлөрдү – 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан улуу эмес деп белгилөөнүн зарылдыгы негизделген эмес.
Мында курактык чектөөлөрдү белгилөө Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген курагы боюнча басмырлоого жол бербөө принцибин эске алуу менен жүргүзүлүүгө жана тиешелүү кызмат ордунун мүнөзү жана талаптары менен шартталган объективдүү жана негиздүү критерийлерге негизделүүгө тийиш.
Ушуга байланыштуу сунушталып жаткан курактык талаптарды жаш-курак белгиси боюнча басмырлоого жол бербөө принцибин эске алуу менен белгилөө маселесин кошумча карап чыгууну сунуштайбыз.
3. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 6-пунктунун «г» пунктчасы менен конституциялык Мыйзамдын 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында «мамлекеттик» деген сөздү «мамлекеттик жарандык» деген сөздөргө алмаштыруу сунушталууда.
Ошону менен бирге «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугу бар адам кызматчы боло албайт деп белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 63, 82-беренелеринде, 42-главасында мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар каралган.
Ушуга байланыштуу тиешелүү ченемдерди жана терминдерди бир түрдүү колдонуу максатында, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн колдонуудагы мыйзам актыларынын жоболорун эске алуу менен сунушталган ченемди киргизүүнүн зарылдыгы жок деп эсептейбиз.
4. Ошондой эле Акыйкатчынын орун басарларынын санын экиден үчкө чейин көбөйтүү маселеси боюнча, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 247 «Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санын жана кызматкерлеринин, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналдын эмгек акысын көбөйтүүгө тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын кошумча кызмат орундарын ачууга мораторий киргизилгендигин белгилейбиз.
Мындан тышкары 2026–2027-жылдарга республикалык бюджетте Акыйкатчынын аппаратына кошумча штаттык бирдик киргизүүгө каражат каралган эмес.
Ошол эле учурда конституциялык Мыйзамдын долбооруна карата негиздеме-маалымкатта орун басарлардын санын көбөйтүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 857 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ишин жөнгө салуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому менен негизделген, ага ылайык каралган иш-чараларды ишке ашыруу бекитилген штаттык санынын жана тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунан өткөрүп берилүүчү штаттык бирдиктерди жана финансылык каражаттарды эске алуу менен ишке ашырылат.
Ушуга байланыштуу Акыйкатчынын орун басарларынын санын көбөйтүү жөнүндө маселени белгиленген мораторийди, тийиштүү штаттык жана финансылык камсыз кылуунун болушун, ошондой эле Акыйкатчы институтунун потенциалын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну эске алуу менен кошумча кароо зарыл.
Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 7-пунктунун «л» пунктчасы менен конституциялык Мыйзамдын 6-беренесинин 9-бөлүгүн жаңы редакцияда баяндоо сунушталууда, ага ылайык Акыйкатчынын орун басарларын гендердик өкүлчүлүктү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши шайлайт жана кызмат ордунан бошотот.
«Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдеринин талаптарында бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгү, анын ичинде Акыйкатчынын орун басарларын шайлоодо милдеттүү деп каралгандыктан, бул талапты кошумча белгилөө ашыкча болуп саналат деп эсептейбиз.
5. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 9-пунктунун «б» пунктчасы менен конституциялык Мыйзамдын 8-беренесинин 1-бөлүгүн жаңы редакцияда баяндоо сунушталууда, ага ылайык Акыйкатчы педагогикалык, илимий жана чыгармачылык иштен, ошондой эле дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө машыктыруучулук иштен тышкары башка акы төлөнүүчү иш менен алектенүүгө укуксуз.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 175 «Саясий мамлекеттик кызмат орундары, атайын мамлекеттик кызмат орундары жана саясий муниципалдык кызмат орундары жөнүндө» Жарлыгында белгиленген шарттарды сактоо менен тиешелүү кесиптик чөйрөдө илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык ишти кошумча акы алуу менен жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк каралган. Ошол эле учурда аталган Жарлыкта машыктыруучулук иш уруксат берилген акы төлөнүүчү иштин өз алдынча түрү катары өзүнчө көрсөтүлгөн эмес.
Ошол эле учурда «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-статьясында дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү кесиптик педагогикалык иш каралган, ошондой эле дене тарбия жана спорт мекемелеринде жана уюмдарында кесиптик педагогикалык иш жана окуу-машыгуу сабактары эсептик каттоодон өткөн адам тарабынан жүзөгө ашырылат деп белгиленген. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 596 «Дене тарбия жана спорт мекемелеринде, уюмдарында кесиптик педагогдук жана окутуу-машыктыруу ишин жүргүзгөн адамдарды эсепке алып каттоонун тартибин, дене тарбия жана спорттун ыйгарым укуктуу органында эсепке алынып каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн формасын бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген Дене тарбия жана спорт мекемелеринде, уюмдарында кесиптик педагогдук жана окутуу-машыктыруу ишин жүргүзгөн адамдарды эсепке алып каттоонун тартибинин 2-пунктуна ылайык тиешелүү адамдар тренер-окутуучулар деп аталат.
Ошентип Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү машыктыруу-окутуучулук жана окуу-машыгуу иши кесиптик педагогикалык ишке киргизилген.
Ушуга байланыштуу сунушталып жаткан толуктоо ашыкча болуп саналат.
Баяндалганды эске алуу менен аталган толуктоону киргизүү зарылчылыгы жок.
6. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 12-пунктунун «в» пунктчасы менен сунушталып жаткан «шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды камакта кармоочу жайлардын» деген формулировка Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында пайдаланылган терминологияга шайкеш келбейт, анда «камакта кармоо» деген термин колдонулат.
Көрсөтүлгөн терминологияны тактоого байланыштуу ушундай эле өзгөртүүлөр конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 12-пунктунун «ж», «и» пунктчаларында жана 1-беренесинин 17-пунктунун «ж» пунктчасында да сунушталууда.
Ушуга байланыштуу конституциялык Мыйзамдын долбоорунун көрсөтүлгөн жоболорунда колдонулган терминологияны Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына шайкеш келтирүүнү сунуштайбыз.
7. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 12-пунктунун «м» пунктчасы менен «барууга» деген сөздөн кийин «жана кирүүгө» деген сөздөр менен толуктоо сунушталып жатканы ашыкча болуп саналат, анткени тиешелүү органдарга, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга тоскоолдуксуз баруу укугу аларга кирүү мүмкүнчүлүгүн да камтыйт.
Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 23-пунктунун «в» пунктчасы боюнча да ушундай эле жагдайды белгилейбиз.
8. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 17-пунктунун «е» пунктчасы менен конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинин 3-бөлүгүн кайрылууну кароо мөөнөтүн узартуунун жалпы мөөнөтү үч жылдан ашпоого тийиш деген мазмундагы абзац менен толуктоо сунушталууда.
Конституциялык Мыйзамдын долбооруна карата негиздеме-маалымкатта үч жылдык мөөнөттү белгилөө жарандык мыйзамдарда каралган доонун эскирүүсүнүн жалпы мөөнөтү менен байланыштырылган.
Ошол эле учурда доонун эскирүү мөөнөтү жана Акыйкатчы тарабынан кайрылууну кароо мөөнөтү ар башка укуктук институттар болуп саналат жана алардын укуктук максаты да айырмаланат. Доонун эскирүү мөөнөтү адамдын бузулган укугун соттук коргоо үчүн кайрыла ала турган мезгилди жөнгө салат, ал эми Акыйкатчы тарабынан кайрылууну кароо мөөнөтү анын кайрылууну кароо жана адамдын жана жарандын бузулган укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча тиешелүү аракеттерди жүзөгө ашыруучу мезгилин аныктайт.
Ушуга байланыштуу сунушталып жаткан мөөнөттүн доонун эскирүүсүнүн жалпы мөөнөтүнө шайкеш келиши Акыйкатчы тарабынан кайрылууну кароо мөөнөтүн үч жыл менен чектөөнү белгилөөнү толук кандуу негиздей албайт, анткени мындай чектөөнүн зарылдыгы Акыйкатчынын ишинин өзгөчөлүгүн жана ал тарабынан каралуучу кайрылуулардын мүнөзүн эске алууга тийиш.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, ошондой эле «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптары менен белгиленген жарандардын кайрылууларын кароо мөөнөттөрүн эске алуу менен сунуш кылынган ченем жарандардын кайрылуулары менен иштөөнүн негизги принциптерине шайкеш келбейт жана Акыйкатчынын ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен жетиштүү негиздемеге ээ эмес деп эсептейбиз.
9. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 27-пунктунун «г» пунктчасы менен конституциялык Мыйзамдын 23-беренесинин 3-бөлүгүн «мамлекеттик» деген сөздөн кийин «жарандык жана муниципалдык» деген сөздөр менен толуктоо сунушталууда.
Ушуну менен бирге Акыйкатчынын Аппаратынын кызматкерлери мамлекеттик жарандык кызматтын административдик кызмат орундарын ээлейт.
Ушуга байланыштуу аларга муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдардын жоболорун колдонуунун зарылдыгы негиздүү болуп саналбайт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети конституциялык Мыйзамдын долбоорун ушул корутундуда баяндалган эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен толуктап иштеп чыгууну мүмкүн деп эсептейт.