Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 12-октябры № 771-т
Мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын социалдык жана турак жай инфраструктурасын өнүктүрүү максатында, Каракол шаардык кеңешинин 2026-жылдын 21-июлундагы № 29-26/2 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 405 «Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибинин 5, 8-пункттарына, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Ж. Алышбаев көчөсү, 194 дарегинде жайгашкан мамлекеттик менчикте турган, идентификациялык коду 2-01-01-0068-0001, аянты 7481,2 м² болгон жер тилкесин, андагы курулуштары жана курулмалары менен Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алуу жана сакталышын камсыз кылуу;
2) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү;
3) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу багыты боюнча гана пайдаланууну камсыз кылуу;
4) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин кыйыр же иш жүзүндө ээликтен ажыратууга багытталган ар кандай аракеттерди жасабоо, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэриясы тарабынан контролду жоготууга алып келүүчү келишимдерди түзбөө;
5) жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин күтүүнү жана андан ары тейлөөнү камсыз кылуу.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесине менчик укугун мамлекеттик кайра каттоону белгиленген тартипте жүргүзсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |