Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры №XVII-9
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматка жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү тартибин жөнгө салган башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алып, Ноокат шаардык мэриясынын «Тейлөө борбору» жөнүндө жобону бекитүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясынын берген сунушун карап чыгып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык мэриясынын «Тейлөө борбору» жөнүндө жобо бекитилсин. (Жобо тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А.Гафаров |
| Ноокат шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы V чакырылыш XVII сессиясынын №XVII-9 токтомуна №1 тиркеме
|
Ноокат шаардык мэриясынын «Тейлөө борбору» жөнүндө
I. Жалпы жоболор
Ушул Жобо «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана Ноокат шаардык мэриясынын «Тейлөө борборунун» (мындан ары – «Тейлөө борбору») иш тартибин жөнгө салат.
1. «Тейлөө Борбору» Ноокат шаарынын мэринин буйругу менен төмөнкү максаттарда түзүлөт:
- Ноокат шаардык мэриясынын кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүүнү жөнөкөйлөтүү;
- мэриянын түзүмдөрүнүн, коомдук уюмдардын жана МСКнын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;
- кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн мөөнөттөрүн, жол-жоболордун санын кыскартуу;
- Ноокат шаардык мэриясынын кызмат көрсөтүүлөрүн берүүдө коррупциялык укук бузуу көрүнүштөрүн, администрациялык тоскоолдуктарды жокко чыгаруу үчүн шарттарды түзүү;
- кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар менен өз ара байланыштарды кыскартуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү бир орундан берүү;
- алуучулар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун ыңгайлуулугун жогорулатуу.
2. «Тейлөө борборунун» жобосу Ноокат шаарынын мэри тарабынан бекитилет.
3. «Тейлөө борбору» өз ишинде төмөнкү ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алат:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы.