Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры №XVII-14
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматка жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү тартибин жөнгө салган башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алып, Ноокат шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик департаментинин административдик-аймактык башкармалыктары жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясынын берген сунушун карап чыгып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик департаментинин административдик-аймактык башкармалыктары жөнүндө Жобо бекитилсин. (Жобо тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А.Гафаров |
Ноокат шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы V чакырылыш XVII сессиясынын №XVII-14 токтомуна №1 тиркеме |
Ноокат шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик департаментинин административдик-аймактык башкармалыктары жөнүндө
I. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Ноокат шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик департаментинин административдик-аймактык башкармалыктарынын (мындан ары – «ААБ») иштөө тартибин жөнгө салат.
2. ААБ Ноокат шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик департаментинин (мындан ары – « Ноокат шаардык мэриясынын ММД») түзүмдүк бөлүмдөрү болуп саналат. ААБ ишмердик аймагынын чек арасы жана алардын саны Ноокат шаардык кеңеши менен макулдашуу боюнча шаардын жашоочуларынын сунуштарын жана кайрылууларын эске алуу менен Ноокат шаардык мэриясы тарабынан аныкталат.
3. ААБ Ноокат шаарынын мэринин буйругу менен төмөндөгү максаттарда түзүлөт:
а) Ноокат шаарынын калкынын күнүмдүк жашоону камсыздоо маселелери боюнча керектөөлөрүн чечүү;
б) калкка кызмат көрсөтүү;
в) калкты эсепке алуу;
г) калк менен иштөө.
4. ААБ Жобосу менен Ноокат шаардык кеңеши менен макулдашуу боюнча Ноокат шаарынын мэринин буйругу менен бекитилет.
5. ААБ өз ишинде төмөндөгү ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алат:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы.
2.«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы.
3. «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы.
4. «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы.