Редакцияот 25.05.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 25-майы № 256-VII

 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 25-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 25-майындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

2022-жылдын июнуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө;

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Атаандаштык жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

"Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жана соттук укуктук реформа маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

"Контрчалгындоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

"Тышкы чалгындоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

"Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

"Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

"Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

"Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторлорун шайлоо жөнүндө;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасын шайлоо жөнүндө.

 

Төрага

Т.Т.Мамытов