Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 токтому менен бекитилген |
Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябрындагы № 743, 2013-жылдын 7-майындагы № 254, 2013 жылдын 11-ноябрындагы № 608, 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 643, 2014-жылдын 9-январындагы № 5, 2016-жылдын 14-октябрындагы № 554, 2017-жылдын 2-июнундагы № 340, 2017-жылдын 19-июнундагы № 387, 2019-жылдын 9-августундагы № 407, 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477, 2019-жылдын 30-декабрындагы № 721, 2020-жылдын 10-сентябрындагы № 478, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 294, 2023-жылдын 3-мартындагы № 113, 2023-жылдын 22-мартындагы № 146, 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 466, 2024-жылдын 23-июлундагы № 405 , 2024-жылдын 9-августундагы № 465, 2025-жылдын 18-мартындагы № 133 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Киришүү
1. Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктарга чектөөлөрдү мамлекеттик каттоо боюнча бул Эрежелер (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин (мындан ары - Жарандык кодекс), Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин (мындан ары - Жер кодекси), "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө", "Күрөө жөнүндө", "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыкты жана кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктарга чектөөлөрдү мамлекеттик каттоо (мындан ары - укуктарды каттоо) боюнча укуктук мамилелерди жөнгө салат.
2. Бул Жободо колдонулган терминдер жана аныктамалар:
1) укук ээси - кыймылсыз мүлккө болгон укукка ээ жеке жана юридикалык жак;
2) ыктыярдуу каттоо - акы төлөө менен жеке жана юридикалык жактардын арызынын негизинде укуктарды мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн жол-жобо;
3) укук белгилөөчү документ - кыймылсыз мүлк бирдигине менчик укугун жана башка укуктарды белгилеген, өткөргөн, чектеген же токтоткон документ (мыйзам, тийиштүү компетенттүү органдын чечими, келишим, соттун чечими, ж.б.);
4) каттоо зонасы - жергиликтүү каттоо органынын администрациялык жоопкерчилик жана юрисдикция зонасы, анын чектери кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу жак тарабынан аныкталат. Каттоо зонасынын чектери райондордун жана шаарлардын администрациялык чектери менен туура келбеши мүмкүн;
5) каттоо сектору - өзүнүн коду бар каттоо зонасынын түзүмдүк бөлүгү;
6) каттоо кварталы - өзүнүн коду бар калктуу конуштардагы каттоо секторунун түзүмдүк бөлүгү;
7) курулуш - өзүнчө курулган имарат, курулма, үй же болбосо бир же бир нече бөлүктөрдөн турган башка объект;
8) геодезиялык өлчөөлөр - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик геодезиялык тармагындагы (мындан ары - МГТ) өлчөөлөр;
9) геодезиялык пункт - жерлерде тийиштүү конструкциядагы белгилер менен бекемделген жана Бирдиктүү Мамлекеттик Координаттар Системасында координаттары бар пункт (МГТ);