Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 606
"Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2022-жылдын 18-августундагы № 463, 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтому)
"Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссия 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссия жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык;
- Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышына текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо, 3-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби жөнүндө жобо, 4-тиркемеге ылайык;
- Финансылык чалгындоо органынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобо, 5-тиркемеге ылайык;
- Террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектери жөнүндө жобо, 6-тиркемеге ылайык;
- Операцияны (бүтүмдү) токтотуп туруу, операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу жана бошотуу, тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүндүгүн берүү жана тоңдурулган каражаттарды башкаруу тартиби жөнүндө жобо, 7-тиркемеге ылайык;
- Юридикалык жактардын бенефициардык ээлеринин электрондук маалымат базасы жөнүндө жобо, 8-тиркемеге ылайык;
- Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу алынып өткөн декларацияланган накталай акча каражаттарынын жана көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттердин электрондук маалымат базасы жөнүндө жобо, 9-тиркемеге ылайык;
- Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби жөнүндө жобо, 10-тиркемеге ылайык;
- Ички контролдоо программасына коюлуучу жалпы талаптар жөнүндө жобо, 11-тиркемеге ылайык;
- Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо, 12-тиркемеге ылайык;
- Эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобо, 13-тиркемеге ылайык;
- Террористтик ишти каржылоо, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерине баалоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо, 14-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 135 "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому;
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2018-жылдын 25-декабры № 606