Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 31-марты № 121
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө", "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө", "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | У.А. Марипов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 31-мартындагы № 121 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө", "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө", "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутунду чыгарат.
1. Ушул мыйзам долбоору менен "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталып жаткан негизги өзгөртүүлөрдүн бири Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен инвестициялык макулдашууга кол коюу аркылуу стратегиялык инвесторго "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган атайын укуктарды, кепилдиктерди жана жеңилдиктерди" берүү мүмкүнчүлүгү боюнча ченемдерди белгилөө болуп саналат.
Бирок "атайын укуктар, кепилдиктер жана жеңилдиктер" деген сөздөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган мүмкүн болуучу алып салуулардын жана преференциялардын кеңири чөйрөсүн камтыйт. Башкача айтканда инвестициялык макулдашууларга Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралбаган алып салууларды жана преференцияларды киргизүү мүмкүндүгү пайда болот. Анын негизинде инвестициялык макулдашууларга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттери менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган алып салууларды жана преференцияларды киргизүү функциясын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берүү сунушталууда.
Ушуну менен бирге Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мыйзам кабыл алуу функциясы мыйзам чыгаруу органына таандык экендигин белгилөө зарыл.