Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 152 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-ноябры № 633
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 96-беренесин, "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 16-апрелиндеги № 1498-ХII токтомуна ылайык Кыргыз Республикасы кошулган Баңги каражаттары жөнүндө 1961-жылдагы бирдиктүү конвенцияны, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 16-апрелиндеги № 1499-ХII токтомуна ылайык Кыргыз Республикасы кошулган Психотроптук заттар жөнүндө 1971-жылдагы конвенцияны, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 16-апрелиндеги № 1500-XII токтомуна ылайык Кыргыз Республикасы кошулган Баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жөнүндө БУУнун 1988-жылдагы конвенциясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 96-беренесин аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:";
2) 1-пунктунда:
- үчүнчү-бешинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлордун, ошондой эле өстүрүүгө тыюу салынган, курамында баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор бар баңги заттарды камтыган өсүмдүктөрдүн тизмеги (2-тиркеме);
- прекурсорлордун таблицасына киргизилбеген, бирок чектелген контролдонууга тийиш болгон заттардын тизмеги (3-тиркеме);
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн мааниге ээ болгон баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлордун, ошондой эле өстүрүүгө тыюу салынган, курамында баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор бар баңги заттарды камтыган өсүмдүктөрдүн өлчөмдөрү (4-тиркеме);";
- сегизинчи, тогузунчу абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
3) жогоруда аталган токтомдун 2-4-тиркемелери ушул токтомдун 1-3-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.