Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ
ЖЕР РЕСУРСТАРЫ, КАДАСТР, ГЕОДЕЗИЯ ЖАНА КАРТОГРАФИЯ
БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИКТИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 20-августу № 10-1/241
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография
боюнча мамлекеттик агенттиктин 2025-жылдын 6-октябрындагы
№ 10-1/268 “Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү
жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо
эрежелерин бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү
тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун 1-тиркемесинин 31-пунктунун 3-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобонун 18-пунктуна ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин 2025-жылдын 6-октябрындагы № 10-1/268 “Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелеринде (мындан ары – Эрежелер):
– 1-пунктундагы “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Күрөө жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин, “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Күрөө жөнүндө”, “Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 6-пунктунун он экинчи абзацындагы, 175-пунктунун биринчи абзацындагы, 183-пунктунун сегизинчи абзацындагы жана 201-пунктунун биринчи абзацындагы “Жарандык” деген сөз “Граждандык” деген сөз менен алмаштырылсын;
– 2-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3) укук белгилөөчү документ – кыймылсыз мүлк бирдигине менчик укугун жана башка укуктарды белгилөөчү, өткөрүп берүүчү, чектөөчү же токтотуучу документ (мыйзам, тиешелүү укуктуу органдын чечими, келишим, соттун чечими ж.б.);”;
– 6-пунктунун биринчи жана жетинчи абзацындагы, 7-пунктунун биринчи абзацындагы, 69-пунктунун биринчи абзацындагы “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө” деген сөздөр “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 8-пунктта:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“8. Кыймылсыз мүлккө укукту белгилөөчү жана укукту чектөөчү документтерди жол-жоболоштуруучу жана берүүчү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык, бул документтердин көчүрмөлөрүн 5 күндүк мөөнөттө кыймылсыз мүлк бирдиги жайгашкан жердеги жергиликтүү каттоо органдарына электрондук жана кагаз жүзүндө жөнөтүүгө милдеттүү.”;
үчүнчү абзацындагы “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төртүнчү-алтынчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Санарип документтер мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын санарип документтериндеги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-мартындагы № 173 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын санарип документтериндеги, ошондой эле жарандардын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуулары болуп саналган санарип документтерде маалымат берүүнүн реквизиттерине жана формасына (форматына) карата талаптарга ылайык келүүгө жана санариптик кол тамга менен кол коюлууга тийиш.
Келип түшкөн (кагаз жана санарип) укук белгилөөчү документтердин эсебин жергиликтүү каттоо органынын архивариусу укук белгилөөчү документтерди каттоо журналында (1-тиркеме) жүргүзөт.
Кагаз жүзүндөгү укук белгилөөчү документтер сканерленүүгө жана алардын электрондук көчүрмөлөрү КАСтагы каттоо ишинин электрондук версиясына киргизилүүгө тийиш. Санарип документтер КАСтагы каттоо ишинин электрондук версиясына түздөн-түз киргизилет.”;
– 25-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
“- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 145-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарына ылайык, эсептик көрсөткүчтүн 5 жана андан ашык өлчөмүнөн ашкан мүлк салыгы боюнча карыздын болушу.”;
– 27-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи–үчүнчү абзацтарга ылайык редакцияда баяндалсын:
“Мында жергиликтүү каттоо органынын же тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси каттоочунун функцияларын аткарууга жана укукту мамлекеттик каттоо жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
Укукту мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу адистер жер участогуна укук белгилөөчү документтерди тариздөөчү адистердин функцияларын, ал эми жер участогуна укук белгилөөчү документтерди тариздөөчү адистер каттоочулардын функцияларын аткарууга укуктуу.”;
– 42-пунктунун биринчи жана үчүнчү абзацтарындагы ар кандай жөндөмөдөгү “, күбөлөндүрүлгөн” деген сөз алып салынсын;
– 43-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“43. Эгерде каталарды камтыган документ эки же андан көп тараптын ортосунда түзүлгөн келишим (макулдашуу) болуп саналса жана нотариус же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамы тарабынан күбөлөндүрүлгөн болсо, анда ага оңдоолор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 733 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоо тартиби жөнүндө нускаманын 56-пунктунун жана/же Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 218 буйругу менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманын 65-пунктунун талаптарына ылайык, белгиленген тартипте киргизилет.”;
– 48-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
“Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо камак алып салынгандан кийин гана жүргүзүлөт.”;
– 54-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
– 69-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 139-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык, квалификацияланбаган кол тамга коюлган санарип жазмасы төмөнкүлөрдө белгиленген учурларда өз колу менен кол коюлган кагаз жүзүндөгү документке бирдей маанидеги санарип документи деп таанылат:
1) ченемдик укуктук актыларда;
2) эгерде ченемдик укуктук актылар менен мындай документти санарип таризинде түзүүгө тыюу салынбаса, санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин макулдашуусунда.
Көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларда жана санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин макулдашууларында санарип кол тамгасын текшерүүнүн тартиби каралуусу тийиш.
Ушул берененин 3-бөлүгүнүн талаптарына ылайык, эгерде ченемдик укуктук актыларга же иштиктүү жүгүртүүнүн салтына ылайык кагаз жүзүндөгү документ мөөр менен күбөлөндүрүлүшү керек болсо, санарип кол тамгасы коюлган санарип документи өз колу менен кол коюлган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн кагаз жүзүндөгү документке бирдей мааниде деп таанылат. Ченемдик укуктук актыларда же санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин макулдашуусунда санарип документке карата кошумча талаптар каралышы мүмкүн, бул аны мөөр менен күбөлөндүрүлгөн кагаз жүзүндөгү документке бирдей маанидеги документ катары таануу максатында жүргүзүлөт.”;
Эскертүүсү:
Ушул буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттеринин ортосунда айырмачылыктар бар
– 96-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыймылсыз мүлк объекттерин бөлүү же бириктирүү жергиликтүү каттоо органы тарабынан жүзөгө ашырылат. Айыл чарба багытындагы жерлерди кошпогондо, кыймылсыз мүлк объекттерин бөлүү же бириктирүү боюнча долбоор, шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусунун негизинде даярдалат.”;
– 97-пунктунун биринчи абзацындагы “(бир укук белгилөөчү документтин негизинде)” деген сөздөр алып салынсын;
– 107-пунктунда:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Укук белгилөөчү документти жараксыз деп таануу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечиминин негизинде укук күбөлөндүрүүчү документ жергиликтүү каттоо органынын буйругу менен жокко чыгарылат.”;
тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Эгерде жер участогунун иш жүзүндөгү аянты укук белгилөөчү документте көрсөтүлгөн аянтка дал келбесе жана арыз ээси анын азайышына макул болсо, арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугунун негизинде кадастрдык план иш жүзүндөгү аянты көрсөтүлүп таризделет. Мында арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугунда көрсөтүлгөн жер участогунун иш жүзүндөгү (азайтылган) аянты жер участогунун юридикалык аянты болуп таанылат.”;
жыйырма жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– архивде сакталуучу нускасында аткаруучунун, картографтын, жер кадастры боюнча жергиликтүү каттоо органынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин, ошондой эле жергиликтүү каттоо органынын жетекчисинин же анын ыйгарым укуктуу орун басарынын кол тамгалары;”;
төмөнкүдөй мазмундагы отуз сегизинчи абзац менен толукталсын:
“Ушул Эрежелердин жана Кыргыз Республикасынын жер мамилелерин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп бербеген документтер берилген учурда, кадастрдык планды тариздөөдөн жана жерге жайгаштыруу иштерин жүргүзүүдөн баш тартылышы мүмкүн.”;
Эскертүүсү:
Ушул буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттеринин ортосунда айырмачылыктар бар