Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 14-ноябры № 739

"Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 655 токтомунун редакциясына ылайык)

"Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссия 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын аткарылышына текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;

3) Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык;

4) Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органынын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө жобо 5-тиркемеге ылайык;

5) Кылмыштуу ишке жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектери жөнүндө жобо 6-тиркемеге ылайык;

6) Операцияны (бүтүмдү) токтото туруу, операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу жана бошотуу, тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү жана тоңдурулган каражаттарды башкаруу тартиби жөнүндө жобо 7-тиркемеге ылайык;

7) Юридикалык жактардын бенефициардык ээлеринин электрондук маалыматтар базасы жөнүндө жобо 8-тиркемеге ылайык;

8) Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу өткөрүлгөн декларацияланган накталай акча каражаттарынын же көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттердин электрондук маалыматтар базасы жөнүндө жобо 9-тиркемеге ылайык;

9) Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби жөнүндө жобо 10-тиркемеге ылайык;

10) Ички контролдоо программасына карата жалпы талаптар жөнүндө жобо 11-тиркемеге ылайык;

11) Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо 12-тиркемеге ылайык;

12) Эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобо 13-тиркемеге ылайык;